7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Караколдо эл аралык кышкы туризм жарманкеси өтүүдө (ФОТО)

327

Каракол шаарында “KARAKOL FAIR 2024-2025” эл аралык кышкы туризм жарманкеси өтүүдө.

Буга чейин кышкы салтка айланган жарманкеге Кыргызстандын булуң-бурчунан келген кол өнөрчүлөрдүн көз жоосун алган эмгектери көрсөтүлүүдө.

Жарманкеде конокторго улуттук сувенирлерди, кийизден жасалган буюмдарды, керамика, текстиль, зергер буюмдарын жана көркөм буюмдарды сатып алуу сунушталат.

Ошондой эле жарманкеде ар кандай улуттук тамак-аштардан даам татып көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Жарманке соода жана гастрономиялык ачылыштардан тышкары бай оюн-зоок программасын сунуштайт. Коноктор фольклордук ансамблдердин музыкалык номерлерине күбө болушат.

Белгилей кетсек, иш-чара Каракол шаарында кышкы туризмди жайылтууга гана жардам бербестен, аймактын маданияты жана каада-салты менен жакындан таанышкысы келген адамдардын башын бириктирүүдө.

Жарманке 15-декабрга чейин уланат.

328