7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кышкы эс алуу. “Ала-Aрча” улуттук паркынын баалары жана шарттары

178

Кышкысын тоо койнунда табият менен жуурулушуп, таза абада эс алууга артыкчылык бергендердин саны жылдан жылга өсүүдө. Борбордон көп алыс узабастан жаратылыштын көз жоосун алган кооздугуна суктанып, шаардын ызы-чуусунан эс алууну кааласаңыз “Ала-Aрча” улуттук паркына сапар алыңыз. Табигый ландшафтка шайкеш келген стилдүү жана экологиялык жактан таза коттедждер сизге эсте калаарлык эс алуу тартуулайт. Бул ирет «Кабар» агенттиги окурмандарды жайы-кышы дебей эс алуучуларды кабыл ала турган “Ала-Арча” улуттук паркы менен тааныштырат.

Мамлекет тарабынан коргоого алынган “Ала-Aрча” улуттук паркы борбордон 40 чакырымдай алыстыкта, деңиз деңгээлинен орточо 3 миң 300 м бийиктикте жайгашкан. Жалпысынан 19 миңден ашык гектар аянтты ээлейт.

“Ала-Aрча” паркында эс алуу үчүн Бишкектен жолго чыксаңыз 40 чакырымдай жолду 1 саатта басып өтөсүз. Негизинен жеке такси кызматтары каттайт. Жол кире болжол менен бир тарапка миң сомдун тегерегинде болот. Эс алуу жайдан билдиришкендей, жакынкы аралыкта эс алуучуларды шаардагы белгиленген жерден улуттук паркка чейин ташыган транспорт (кичи автобус) уюштуруу пландалууда.

Кыргызстандыктардын жана чет элдик туристтердин эс алуусу үчүн “Ала-Aрча” улуттук паркында капиталдык оңдоодон өткөн “Ак-Бата” жана “Ала-Арча” мейманканасы, A-Frame Glamping коттеджери бар. Бул коттедждердин жанына ресторан курулуп, айланасындагы тоолор менен эң кооз көрүнүш түзүлдү.

“Ала-Арча” мейманканасы – азыркы заманга шайкеш шарттар, жогорку сапаттагы жабдуулар жана ыңгайлуу атмосфера менен туристтерге кызмат көрсөтөт.

“Ала-Арча” мейманканасындагы эртең мененки тамагы менен баалар төмөнкүдөй:

— люкс (эки орундуу номер) – 9 миң сом;

— үй-бүлөлүк (төрт орундуу номер) – 7 миң сом;

— жарым люкс (эки орундуу номер) – 6 миң сом;

— стандарттуу (эки орундуу номер) – 4 миң сом;

Андан тышкары мейманканада иш-чараларды өткөрүүгө каралган шарттар:

— конференция өткөрүү залы (30 орундуу) – 1 саатка 2 миң сом;

— банкет залы (30 орундуу) – 1 саатка 2 миң сом;

— камин залы (10 орундуу) – 1 саатка миң сом;

Улуттук парктагы дагы бир “Ак-Бата” мейманканасы – эс алуучуларды заманбап жашоо шарттары менен камсыздап, коопсуздук жана ыңгайлуулук шарттарын жаңыртты. “Ак-Бата” мейманканасынын эртең мененки тамагы менен чогу эсептелген баалары:

— люкс (эки орундуу) – 7 миң сом;

— жарым люкс (эки орундуу) – 5 миң сом.

Ошондой эле бул мейманканада сиз чакан иш-чараларды өткөрө аласыз:

— конференция өткөрүү залы (45 орундуу) – 1 саатка 4 миң сом;

— банкет залы (70 орундуу) – 1 саатка 5 миң сом.

“Ала-Арча” улуттук паркынын чок ортосундагы тоо этектеринде жайгашкан A-Frame Glamping коттедждеринде эс алуучулар капчыгайдын уникалдуу, кооз панорамалык көрүнүшүнө күбө боло алышат. Коттедждерде эс алуучулар үчүн бардык жагымдуу шарттар түзүлгөн. Негизинен ар бир коттедж 2ден 4 кишиге чейин эс алуучуларга ыңгайлашкан. Үй-бүлөөңүз же досторуңуз менен кыштын сулуулугуна суктанып, таза абасынан дем алып эс алсаңыз болот. Коттедждин аймагында тамактануу үчүн ресторан бар. Кааласаңыз тамак-ашыңызды өзүңүз даярдап алып келсеңиздер да болот.

Баасы бир суткага – 8 миң 850 сомду түзөт. Коттедждер күндүз саат 14.00 дөн баштап, кийинки күнү саат 12.00 гө чейин берилет.

Жалпы парктын аймагында жаңы асфальт төшөлүп, заманбап жарыктандыруучу система орнотулган. Ошондой эле экосистеманы жакшыртуу жана коноктор үчүн жагымдуу атмосфера түзүү үчүн жүздөгөн дарактар отургузулду.

Белгилей кетсек, “Ала-Арча” улуттук паркы активдүү эс алуу үчүн эмес, төрт мезгилде тең жаратылыштын курчоосунда үй-бүлөөң, жакындарың же досторуң менен шаардын жашоосунан тышкары тынчтыкта эс алууга ыңгайлашкан.

179