7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ар бир бешинчи жаңы төрөлгөн ымыркай никеси жок энелерден төрөлгөн

910

Ар бир бешинчи жаңы төрөлгөн ымыркай никеси жок энелерден төрөлгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика камитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы COVID-19 пандемиясы учурундагы чектөөлөрдөн улам, никелердин саны 2019-жылга салыштырмалуу 20 пайызга кыскарган.

Никелердин эң көп саны аялдардын арасында да, эркектердин арасында да 20-29 жашта катталат. Бардык эле түзүлгөн жубайлык биримдиктер бекем сакталбайт. Алардын дээрлик ар бир тѳртүнчүсү ажырашышат: айыл жеринде 1 000 никеге 162 ажырашуу туура келсе, ал эми шаардагы калктуу конуштарда алар 2,2 эсеге кѳп.

2020-жылы ар бир бешинчи жаңы төрөлгөн ымыркай никеси жок энелерден төрөлгөн, ал эми 2016-жылы ар бир төртүнчүсү. 2020-жылы юридикалык эмес никеде төрөлгөн балдардын санынын ичинен 15 миң бала ата-энелердин биргелешкен арызы боюнча катталышкан жана 15 миңге жакын бала энесинин гана арызы боюнча катталган, бул балдар атасыз үй-бүлөдө тарбияланышы ыктымал. Никесиз төрөлгөн балдар негизинен 20–35 жаш курактагы энелерден төрөлүп жатат.

Белгилей кетсек, 2020-жылы аялдарда биринчи никеге туруудагы орточо жаш курак 23,4 жашты, эркектерде 27,2 жашты түздү.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

911