7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ар бир кадамыбыз, анын ичинде кайрымдуулук дагы, бизнеске айланып кеткен

224

Коррупция менен мамлекеттик да, коомдук дагы, эл аралык да деңгээлде күрөш жүрүп жатканына карабай, бул илдет акырындап баарыбыздын аң-сезимибиз менен жан-дүйнөбүзгө гана кирбестен, дене-организмибиздин да ажырагыс бөлүгүнө айланып кеткен сыяктуу жана кээ бир гана адамдарга өөн учурап калгандай. Жакында белгилүү артист Аскат Сулайманов – атагы чыккан блогерлерди уяткарды:

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

«Бир тааныштардын баласы ооруп, 130 миң доллардай акча керек экен. Блогерлерге кайрылсак дейт – 25 пайызын бересиң, анан биз чыгарып, иштеп беребиз дептир. Эгер баардык 130 миң доллар чогулса, анын 30 миң долларын бериш керек да. Кантип уялбай аласыңар ошону? Мен блогерлердин баарын айткан жокмун, мен уккан блогерлер кантип уялбай оорунун үстүнөн акча жасайт дейм да. Ушунчалык таң калдым силерге. Силердин 6 жашар балаңар ооруп калса эмне болот, блогерлер?»

Бирөөгө жардам көрсөткөн блогерлер ошол жардамдын кайсы бир бөлүгүн өзүнө алып калганды уят деп эсептебейт, тескерисинче, алар өз эмгегин ошончого баалайт. Бирок анда кайрымдуулук деген нерсе өз маанисин жоготуп, жөн эле бизнеске айланып кетип жатпайбы. Кимдир бирөөнү «жылдын мыкты» акими же министри деп атагандар, же кайсы бир адамды эфирге чыгаруу үчүн акча алгандар дагы ошондой «бизнесмен» болуп кеткен. 1990-жылдарда мындай нерсе «джинсá» деп аталчу эле.

Кимдир бирөө башкага насыя же грант бергенде, анын кайсы бир бөлүгүн өзүнө калтырып коюу дагы ошондой эле бизнес болуп калды. Аны 1990-жылдарда Кыргызстанга жардам беребиз деп келген абройлуу эле эл аралык уюмдар баштаган, бирок азыр мындай «откаттар» турмушубуздун ажырагыс бөлүгүнө айланды. 2001-жылы америкалык «Манас» авиабазасы ачылганда, анын кызматкерлери Бишкекке келип, көчөдө семичке саткандан: «Канча?» – деп сураса, сатуучулар: «Бир», – деп сөөмөйүн көрсөткөндө, америкалыктар аны «бир сом» деп түшүнбөй, бир доллар берчү дегенди дагы эстесе болот.

225