7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ар бир мектепте жол тескөөчүлөр окуучуларга жардам берет

326

Жаңы окуу жылынын башталышын утурлай Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери өлкө аймагындагы бардык орто мектептерге бекитилди. Бул тууралуу башкармалыктын башчысы Жеңишбек Жоробеков Чүй облусундагы мектептердин биринде «Биринчи коңгуроо» аземинде  билдирди.

Анын айтымында, дайындалган кызматкерлер окуучуларды жолдон, жөө өтмөктөрдөн, жол чырактардан өткөрүп, жалпы жол коопсуздугу багытында кызмат алып барышат.

Жетекчи Ички иштер министрлиги Агартуу министрлиги менен биргелешкен иш-мерчем түзүп, анын алкагында  мектептерге бекитилген жол тескөөчүлөрү окуучуларга ачык сабактарды, лекцияларды өткөрүп, үгүт-насаат иштерин жүргүзүшөт.

Ошого карабастан алгачкы класстын окуучулары мектепке барып келүү каттамын толук жаттап, адаптация болгончо ата-энелер өздөрү коштоп алып келип турууну өтүнөт.

327