Бүгүн абанын температурасы жогорулайт, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 8км/саат жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +8…+18, Талас аймагында +5…+17, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +9…+17, Ысык-Көл облусунда +1…+9, Нарын өрөөндөрүндө +3…+12 градус.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +8…+18, Ош шаарында +8…+16 градус болот.