7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Конституция күнү өнүгүп-өскөн Кыргызстанды куруу үчүн ар бир чечимдин маанилүүлүгүн эске салып турсун”

139

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, кыргызстандыктарды өлкөнүн Конституция күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди бүгүнкү Конституция күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

5-май, Конституция күнү – бул Баш мыйзамыбыз кабыл алынган күн гана эмес, ар дайым адилеттүүлүктү туу туткан элибиздин бийик демине жана жаркын келечегибизге болгон бекем ишенимди эске салып турган маанилүү күн.

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Конституция бул жөн эле беренелердин жыйындысын билдирбестен, ар кыл муунду бириктирген, тамырыбыз менен тарыхыбызды, ошол эле маалда күчтүү, бакубат Кыргызстан тууралуу келечекке болгон кыялыбызды чагылдыруучу негизги документ болуп саналат.

Биз ушул тапта Конституциябыздын деми менен башкарууда болобу, экономикада болобу, же жарандарыбызды колдоодо болобу, айтор, бардык тармактарда жаңы ыкмаларды киргизүү аркылуу жаңы илим-билимге, алдыңкы технологияларга жана тажрыйбага умтулуунун үстүндөбүз. Демек, биз ачык-айкын, тайманбаган туура жана татыктуу жолдо баратабыз.

Кыргызстан эли – өзгөрүүдөн коркпогон, өзүнө жана өлкөсүнө ишенген түптүү жана куттуу эл! Биз ондогон кылымды артка таштаган, нарк билги жана бай маданиятка тунган элибиздин тарыхын эч качан унутпайбыз.

Бүгүнкү күндө баса турган жолубузду билебиз, өнүгүп бара жаткан өлкөбүзгө ишенимдүү карайбыз.

Урматтуу мекендештер!

Дагы бир жолу Конституция күнү менен куттуктайм.

Ар жыл сайын Конституция күнү ар иште калыс, өнүгүп-өскөн Кыргызстанды куруу үчүн ар бир кадамдын, ар бир чечимдин маанилүүлүгүн эске салып турсун.

Баш мыйзамыбыз чечим кабыл алууда ойлогон оюбузда ар дайым багыт берүүчү алтын казыгыбыз болсун.

Мамлекетибиз бекемделип, элдин бийликке болгон ишеними артып, Кыргызстан жаңы бийиктиктерге карай ишенимдүү кадам таштай берсин!”.

140