Сауд Аравиясында жашаган кыргызстандык аял жардам сурайт. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланды.
Видеодо аял өзүнүн аты Асел Дуванаева экендигин айтат.
«Жолдошум мени дайыма сабайт. Ал баңги затын колдонот. Менин төрт балам бар. Мен аны менен ажырашкым келет. Мага жардам бериңизчи,»– дейт аял.
Видеонун сүрөттөмөсүндө Асел Дуванаева Сауд Аравиясында жашайт деп айтылат. Араб кишиге турмушка чыккан.
«Учурда жолдошум баардык документтерди жана байланыш каражаттарын алып кетти. Туугандары аны менен эч кандай байланыша алышпайт», -деп кайрылат. Ал күйөөсү менен ажырашып, балдарды жанында калтыргысы келет. Балдар Сауд Аравиясынын жарандары. Дуванаева ур-токмокко алынып жаткандыгын тасмага тартып, Кыргызстандын элчилигине жана полицияга бир нече жолу көрсөткөн. 8-мартта сот жараяны өтмөк, бирок күйөөсү аны үйүнө камап, сыртка чыгарбай койгон.
Посмотреть эту публикацию в Instagram