Баткендин Зардалы айылынын 61 жаштагы тургуну 14-майда азык-түлүк алууга чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп, издөө жарыяланды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнин басма сөз кызматы кабарлайт.
«2021-жылдын 14-май күнү 13:00 чамаларында Баткен районунун Зардалы айылынын тургуну, 1960-жылы туулган Саипов Кутмамат Чалабаевич Жылы-Суу учаскасында Кара-Бак-Зардалы маршуруткасынан продукта алып, белгисиз тарапка кеткен бойдон азыркы күнгө чейин жүргөн жери белгисиз болууда. Бул факты боюнча Баткен РИИБнүн КЖБРне дайынсыз жоголуу фактысы менен катталып, издөө иштери жүрүп жатат«, -деп билдирет Баткен ОИИБнин басма сөз катчысы.
Кийген кийимдери: үстүндө кара түстөгү жемпир астында кара түстөгү шым, бутунда кара түстөгү бут кийим.
Белгилери: бою 165-170, кашы көзү кара түстө, дене түзүлүшү булчундуу чачы ак тустогу ,сакал мурутуда ак.
Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү кишини таанып, жүргөн жерин аныктап калса,төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот.
Байланыш үчүн номерлер (03622) 5-17-56; 0774 77-86-88; 0709 73-66-37