Центерра Голд компаниясы «Кумтөргө» сырттан башкаруучу болуп дайындалган Теңиз Бөлтүрүктү Кумтөр кенин басып алуу жана жашыруун маалыматты ачыктоого айыптап Канадада сотко кайрылган. Онтарио Жогорку соту Теңиз Бөлтүрүккө карай кылмыш ишин козгогонун компания расмий сайтында маалымдайт.
Centerra Бөлтүрүктүн компанияга жетекчилик кылышына тыюу салууга аракет көрүүдө.
«Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Теңиз Бөлтүрүк директорлор кеңешинен кете электе кыргыз өкмөтү жана башка тараптар менен алтын кенди басып алууну пландап, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бул көп жылдык инвестициялык келишимди бузууга алып келет. Бөлтүрүк мындай маалыматты Centerra тарапка айткан эмес. Мындан улам ал Centerra компаниясында директорлор кеңешинин мүчөсү болуп туруп ишенимдүү өкүл катары милдеттемелерин бузганы, жашыруун маалыматтарды сактабаганы боюнча айыпталууда», — деп жазылат маалыматта.
Теңиз Бөлтүрүк Канаданын жана Кыргызстандын жараны. 2020-жылдын декабрында Центерранын директорлор кеңешине мүчөсү болуп, 2021-жылдын 17-майындаакыркы чырлуу талап-тартыштан улам, өзыктыяры менен кызматтан кеткен.
Кыргыз өкмөтү аны «Кумтөр Голд компаниге» сырттан башкаруу дайындагандан кийин, Бөлтүрүктү убактылуужетекчи кылып дайындаган.