7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Арашандагы көрүстөндүн аймагында курал-жарак сакталган жай табылды

480

Аламүдүн районунун аймагынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө таандык курал-жарактарды сактоочу жай табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маркум криминалдык авторитет К.Асанбектин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү тарабынан жасалган, курал-жарактардын жана жардыргыч заттардын арсеналы менен катылган жашыруун жай аныкталды.

Такталган боюнча, Арашан айылында жайгашкан көрүстөндүн аймагындагы мүрзө таштарынын биринен эки боз полипропилен баштык табылган. Баштыкты текшерүү учурунда, ар кандай ок атуучу куралдар, калибрдеги тапанчалар, калашников автоматы, кесилген жылмакай куралдар жана ок-дарылары менен жардыргыч заттар табылып алынды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жогоруда аталган курал-жарактар алынып, тиешелүү экспертизага жөнөтүлөт. Учурда керектүү ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүүдө.

481