7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Араван районунун тургуну кызмат адамына пара берген

553

Араван районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкерине ири өлчөмдө (150 миң сом) пара берүү фактысы боюнча Араван районунун тургуну кармалды.

Тактап айтканда, Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн Тепе-Коргон айылынын тургуну 2000 чарчы метр соода борборунун имаратын суу коргоо зонасынын аймагына мыйзамсыз тургузуп алганы аныкталган. Ошол эле учурда, алдын ала алынган маалымат боюнча, Араван райондук архитектура башкармалыгы жана Ош облусу боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы тарабынан имаратты пайдаланууга уруксат кагаздарын берүү КР мыйзамдарын бузуу менен берилген.

Мындан тышкары, жаран уруксат кагаздарын алуу максатында жогорку даражадагы мамлекеттик кызмат адамдарынын атын жамынып, «соода борборунун ачылышына КР Президентинин катышуусу болжолдонууда»-делген жалган маалыматты колдонгон.

Шектүү тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

554