7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аравандагы жер махинациясына байланыштуу дагы эки адам кармалды

592

Аравандагы жер махинациясына байланыштуу дагы эки адам кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти .

УКМК тарабынан Араван районунун кызматтык жана жооптуу мамлекеттик мекемелерине карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул иш боюнча 2023-жылдын 17-майында Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.А. кармалып, мыйзамсыз түрдө жеке менчикке алынган жер тилкесинин баасы 7,7 млн сомду түзөрү аныкталган.

Аталган кылмыш ишинин алкагында 5-июнда Араван филиалынын «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери И.А.Х. жана Ж.П.Ю. кармалып, Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

593