7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Арча-Бешикте 10 жаштагы кызды сүзүп кеткен айдоочу кармалды

413

Бишкектин Арча-Бешик конушунда автоунаа кызды сүзүп, андан ары жеке бала бакчанын короосуна кирип кеткен 16 жаштагы айдоочу кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдирди.

Окуя 4-октябрда кечке жуук Арча-Бешик конушунун Эр-Тайлак көчөсүндөгү №134 үйдүн тушунда болгон. Lexus 470 унаасын айдап бараткан өспүрүм рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Ал 10 жаштагы кызды сүзүп, менчик бала бакчанын дубалын жарып короосуна кирип кеткен. Кыз кырсык болгон жерден каза болгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

 

414