7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ардагер: Согуштан кийинки кыйынчылыктан эмгек менен гана чыгууга болоорун түшүндүм

974
Улуу Ата Мекендик согуштун 76 жылдыгына карата Өзгөн районундагы жалгыз ардагер Турду Сатыкуловго Кыргыз Өкмөтү тарабынан 70 миң сом, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын резервдик фондунан 10 миң сом акча каражаты жана Орусиянын кыргызстандагы элчилигинин баалуу белектери ыйгарылды.
Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.
Сатыгулов Турду 1925-жылы Ѳзгөн районунун Көлдүк айылында туулган, Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери.
Ал 1943-жылы 18 жашка чыгаары менен согушка чакыртылып, 277-аткычтар дивизиясында “катардагы жоокер” болуу менен согуш талаасына аттанган.
Улуу Жеӊишти 1945-жылы Калининград шаарында тоскондон кийин, туулуп өскөн жери Көлдүк айылына кайтып келген.
Согуштан кийинки оор жылдарда эмгек менен гана элди кыйынчылыктан алып чыгуу мумкун экенин туура түшүндүм, күн-түн дебей кайраттанып эмгектендим. 1946-1967-жылы Көлдүк айылында бригадир, склад башчысы, прораб болуп иштедим. 1967-1977-жылдары Көлдүк айылдык кеӊешинин төрагасы, 1977-1994-жылдары Көлдүк айылдык кеӊешинин башкы эсепчиси болуп иштеп жүрүп ардактуу эс алууга чыктым”,- дейт Турду Сатыгулов
Ардагер , көптөгөн орден, медалдардын ээси, жана бир нече сыйлыктарга татыган. Үй-бүлөлүү, 7 уул, 4 кыздын, 50 неберенин, 50 чеберенин кадырлуу атасы.
Эске салсак Ош облусунда 11 Улуу Ата Мекендик согуштун, 179 оруктун ардагери бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

975