Улуу Ата Мекендик согуштун 76 жылдыгына карата Өзгөн районундагы жалгыз ардагер Турду Сатыкуловго Кыргыз Өкмөтү тарабынан 70 миң сом, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын резервдик фондунан 10 миң сом акча каражаты жана Орусиянын кыргызстандагы элчилигинин баалуу белектери ыйгарылды.
Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.
Сатыгулов Турду 1925-жылы Ѳзгөн районунун Көлдүк айылында туулган, Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери.
Ал 1943-жылы 18 жашка чыгаары менен согушка чакыртылып, 277-аткычтар дивизиясында “катардагы жоокер” болуу менен согуш талаасына аттанган.
Улуу Жеӊишти 1945-жылы Калининград шаарында тоскондон кийин, туулуп өскөн жери Көлдүк айылына кайтып келген.
“Согуштан кийинки оор жылдарда эмгек менен гана элди кыйынчылыктан алып чыгуу мумкун экенин туура түшүндүм, күн-түн дебей кайраттанып эмгектендим. 1946-1967-жылы Көлдүк айылында бригадир, склад башчысы, прораб болуп иштедим. 1967-1977-жылдары Көлдүк айылдык кеӊешинин төрагасы, 1977-1994-жылдары Көлдүк айылдык кеӊешинин башкы эсепчиси болуп иштеп жүрүп ардактуу эс алууга чыктым”,- дейт Турду Сатыгулов
Ардагер , көптөгөн орден, медалдардын ээси, жана бир нече сыйлыктарга татыган. Үй-бүлөлүү, 7 уул, 4 кыздын, 50 неберенин, 50 чеберенин кадырлуу атасы.
Эске салсак Ош облусунда 11 Улуу Ата Мекендик согуштун, 179 оруктун ардагери бар.