Бишкекте 5-кабаттан кулаган жигит ооруканага жетпей каза болду. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы билдирген.
Маалыматка ылайык, окуя Бишкек шаарынын Киев көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн болгон. Кырсык тууралуу маалымат милицияга 5-май күнү саат 11: 50дө келип түшкөн.
«Алдын ала маалыматтар боюнча, 2001-жылы туулган С.Р. белгисиз жагдайларда кулап кеткен. Тез жардам кызматынын дарыгерлери аны ооруканага алып кетишкен, бирок ал ооруканага жетпей көз жумган. Бул факт Биринчи май РИИБде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, Жазык кодексинин 258-беренеси (Коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Учурда керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат», — деп берилет маалыматта.