7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда 2 кыргыз балбаны жарым финалга чыкты

1129

Бүгүн, 19-октябрда Грециянын Лутарки шаарында күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугу өтүп жатат.

Маалыматка ылайык, бүгүн мелдеште үч кыргыз балбаны килемге чыгышты. Алар 70 килограмм салмакта Талант Бегалиев, 130 килограмм салмакта Сааданбек Ниязов жана 88 килограмм салмакта Арген Бегалиев.

Талант Бегалиевдин алгачкы атаандашы килемге чыкпагандыгына байланыштуу кийинки баскычка өтүп, чейрек финалда италиялык балбанды 10:0 эсебинде жеңип жарым финалга чыкты.

Сааданбек Ниязов алгачкы жүрүшүн чейрек финалда баштап, анда ирандык балбанды 4:2 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.

Арген Бегалиев алгачкы жүрүшүндө эле молдовалык балбанга жеңилип калды.

Эскерте кетсек, ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугу 24-октябрда аяктайт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1130