7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ардагерлердин достук беттеши 3:3 эсеби менен жыйынтыкталды

635

Бишкек шаарында 30-августта, Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата кыргыз футболунун ардагерлеринин курамасы жана КМШ өлкөлөрүнүн ардагерлеринин курамасынын ортосунда футбол боюнча достук беттеш болуп өттү.

Ата мекендик команданын курамында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ойноду.

Оюн башталардын алдында Мамлекет башчысы сөз сүйлөп, анда ардагерлердин футболду өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилеп, ошондой эле жаш муунду спортко активдүү кызыгууга чакырды.

Достук беттеш 3:3 эсеби менен жыйынтыкталды.

Иш-чара ата мекендик эстраданын өкүлдөрүнүн, ошондой эле белгилүү “Город 312” тобунун ырларды аткаруусу менен коштолду.

КМШ өлкөлөрүнүн ардагерлеринин курамасынын катарында ойногондор: Ринат Дасаев, Дмитрий Аленичев, Александр Азимов, Егор Титов, Хорен Оганесян, Марат Кабаев, Мухсин Мухамадиев, Евгений Алдонин, Эрик Яхимович жана башкалар.

Кыргызстандын ардагерлеринин курамасынын катарында:

Владимир Орешин, Закир Джалилов, Комол Тайчиев, Сергей Фокин, Нематжан Закиров, Ясын Мусаев, Валерий Березовский, Марлен Касымов, Сергей Лисичкин, Вячеслав Прянишников жана башкалар.

Калыстар тобунда Равшан Ирматов, Бахадыр Кочкаров, Абдухамидулло Расулов жана Эмил Бусурманкулов болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

636