Карагандада 33 жаштагы аял 25 метрлик бийиктиктеги аттракциондон секирип жерге кулап каза болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, аттракцион «Созвездие» мейманканасынын эң үстүндө орнотулган. Кулаган аял жердеги бетон конструкциясын дагы сүзгөн. Оор абалда больницага жеткирилип, баш сөөгүнө операция жасалып, гематома алынган. Бирок дарылоо жардам бербей, аял каза болду.
Секирүү учурунда тростун имараттын бийиктигинен узун болуп калганы себеп болгон. Натыйжада кыз сүйүктүүсүнүн жана досторунун көзүнчө жерге кулап түшкөн.
Видеодо жаш жигит ага ишеним көрсөтүү үчүн «Мен сени сүйөм» деп секирүүдөн мурун ага кыйкырганын угууга болот.
Бул боюнча кылмыш иши козголду. Аттракциондун ээси жана жумушчулары көрсөтмө берип жатышат. Тергөө тростун узундугу эмне үчүн имараттан жерге чейинки аралык үчүн эсептелбегенин аныктоодо.