7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Аркы дүйнөнүн жыргалын көр деп тиленгенден башка айлам жок эми, балам» Айчүрөк Иманалиева уулун эскерди

696

Кыргыз Эл артисти Айчүрөк Иманалиева мезгилсиз дүйнөдөн кайткан уулу тууралуу социалдык тармактагы баракчасына эскерүү жазды. Анда ал эне үчүн мындан өткөн арман болбостугун айткан.

«Өлүм жаш-карыны карабайт экен. Шум ажалга жаш, көргөндөн көрө элеги көп, он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек уулумду колдон жулдуруп отуруп калдым. Аргеним, эстесем жүрөгүм сыздайт. Эне үчүн мындан өткөн арман болбос. Кагылайыным, жаткан жериң жайлуу болсун. Жараткан сени бейиштик кылсын. Ак сүтүмдөн кечтим. Өмүр бою жүрөгүмдө, элесиң көз алдымда болоор… Кара жерди кучактап жатып калганыңа ишенип-ишенбей, сүрөттөрүңдү карап, азыр эшик ачып кирип келчүдөй болосуң. Бала канча жашка чыкса да эне үчүн өмүр бою бала. Балапаным колдон кетти. Бул жашоонун жыргалын толук көрбөй кетти. Аркы дүйнөнүн жыргалын көр деп тиленгенден башка айлам жок эми, балам», — деп жазган Иманалиева.

Белгилей кетсек, Арген Иманалиев кечээ күнү үйүндө каза болгон. Ал болгону 35 жашта болчу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

697