7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Армениянын премьер-министри Садыр Жапаровду куттуктады

335

Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян бүгүн, 6-декабрда, президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

“Сиздин мамлекеттик иш тажрыйбаңыз Кыргызстандын турмушундагы маанилүү өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу жана өлкөнүн эл аралык аренадагы аброюн бекемдөө кызыкчылыктарына мындан ары да кызмат кыла берет деп ишенем. Жогорку деңгээлдеги активдүү диалог, парламенттердин жана экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын линиясы боюнча биргелешкен ырааттуу иш, маданий-гуманитардык байланыштарды интенсификациялоо Армения менен Кыргызстандын мамилелеринин потенциалын ишке ашырууда жаңы горизонтторду ачаары шексиз. Бул биздин элдердин достугун бекемдөө кызыкчылыктарынан, региондук туруктуулукка жана коопсуздукка өз ара кызыкдарлыктан келип чыгат. Сизге чың ден соолук жана дос Кыргызстан элинин гүлдөп-өнүгүшү жана бакубат жашоосу үчүн жаңы ийгиликтерди каалайм”, — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

336