7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талас шаарында 10 млн сомго бааланган имарат мамлекетке кайтарылды

574

Талас шаарынын борборундагы аянты 0,17 га болгон, буга чейин Талас аймактык кооперативдик союзу колдонуп келген административдик имарат мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Бул имараттын болжолдуу баасы 10 миллион 213 миң 623 сомду түзөт. 1998-жылдан азыркы учурга чейин кооперативдик союздун өкүлдөрү тиешелүү документтери жок административдик имаратты мыйзамсыз пайдаланганы аныкталган.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгында кооперативдик союздун өкүлдөрү КРнын жер мыйзамдарын бузгандыгын моюнга алышып, жалпы чечимдин негизинде административдик имаратты мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү үчүн мамлекеттик кадастр мекемесинин Талас филиалына арыз беришти.

Учурда административдик имарат Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин балансына өткөрүлүп берилди.

575