7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Армияга жазгы чакыруу башталды

888

Бүгүн, 1-марттан тарта Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөөгө жазгы чакыруу башталды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18 жашка чыккан жарандар аскер комиссариаттары менен биргеликте аскердик каттоодон, медициналык кароодон өтүштү.

Республиканын жыйын пункттарында аскерге чакырылуучуларды салтанаттуу узатуу аземи бекитилген график боюнча жүргүзүлөт. Алар андан ары мөөнөттүү кызмат өтөй турган бөлүктөргө жиберилет.

Аскерге чакырылгандар Коргоо министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кошуундарында жана бөлүктөрүндө кызмат өтөйт.

889