7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Арсланбек Малиев: «19,2 тонна алтындын жоголгонду тууралуу маалымат жалган»

451

«Кумтор Голд Компани” жабык акционердик коомунун жалпы өндүрүшүн жана КРнын энчисине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө максатында түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссия жакында эле ишин жыйынтыктап, корутундусу менен тааныштырды. Аталган комиссиянын төрагасы, депутат Арсланбек Малиев кандай жыйынтык чыкканы боюнча маалымат берди.

— Саламатсызбы, Арсланбек Касымакунович! Кумтөрдөн өндүрүлгөн 19,2 тонна алтындын тегерегинде талаштуу жагдайлар жаралып, парламентте да аталган маселе боюнча түрдүү пикирлер айтылган. Андыктан, алтындын жоголгондугу тууралуу маалыматтын аныктыгын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлүп, алгач аны депутат Исхак Масалиев жетектеген. Бирок кийин ал баш тартып, Сиз жетектеп калдыңыз. Андыктан комиссиянын иши тууралуу кеңири маалымат берсеңиз.

— Ооба, Жогорку Кеңеште айрым депутаттар тарабынан 19,2 тонна алтын жоголуп , белгисиз өлкөлөргө ташылганы тууралуу маселе көтөрүлгөн. Буга байланыштуу анын аныктыгын текшерүү боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлүп, ага ар бир фракциядан бирден өкүл кирген. “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынын өкүлдөрүнө комиссияга төрагалык кылуу сунушу берилип, депутат Исхак Масалиев жетектей баштаган. Бирок эмнегедир кийинчерек комиссияны жетектөөдөн баш тартты. Натыйжада мени  төрагага шайлады. Алтынга байланышкан маселелердин баардыгы эзелтен талаш-тартыш менен коштолуп келгендиктен, жагдайдын маанилүүлүгүн эске алып, иликтөө ишин акыйкат жүргүзүүгө толук  аракеттендик. Бардык кызыкдар тараптардын пикирин угуу максатында бир катар жыйындарды өткөрдүк. Алтын чыккан жерден баштап, өндүрүлгөн алтынды сактоочу жайга чейинки бардык этапты өз көзүбүз менен көрүп, жеринде тааныштык. Андыктан, бул депутаттык комиссия өзүнө коюлган талапты чоң жоопкерчилик менен аткарды деп айта алам.

— Өндүрүштүн баарын жеринде көрдүк деп жатасыңар, мамлекеттин энчисине алынган мекемедеги азыркы абал кандай экен?

— Баарыбыз билгендей, Кумтөрдөгү кен ачык ыкма менен казылып алынат. Андан ары алтын ылгоочу фабрикага түшөт. Ал жакта кенди майдалап, “Көмүр эритүү аралашмасы” технологиясы боюнча алтынды алуу жүргүзүлөт. Алсак, Алтын ылгоочу фабриканын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 15-16 миң тоннаны түзөт. Ошондой эле “Кыргызалтын”, “Кумтор Голд Компани”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн Алтынды жана күмүштү сатып алуу келишимине ылайык, эритиндилер Кара-Балта шаарындагы аффинаж заводуна кайра иштетүү үчүн “Кыргызалтын”  тарабынан сатып алынат. Чындыгындай, Центера кеткенде өзүбүз өндүрө алабызбы деген кооптону да бар эле. Бирок өзүбүздүн тажыйбасы мол адистерибиз өндүрүштү токтотпой, улантып кетишти. Бул биз үчүн кубанычтуу көрүнүш.

— Ошондо Кумтөрдөгү өндүрүштүн жүрүшү депутаттык комиссиянын мүчөлөрүнүн купулуна толдубу?

— Байкаганыбыздай, бардык өндүрүш иши заманбап технология менен жүргүзүлүп, ар бир иш аракет видеокамералар менен көзөмөлдөнөт экен. Жеке менин жана депутаттык комиссиянын мүчөлөрүнүн купулуна толду деп ойлойм. Анткени, комиссиянын ар бир мүчөсү бардык өндүрүштү жана алтын сакталган жайларды өз көзү менен көрдү.

— Эми корутундуга келсек, 19,2 тонна боюнча кандай жыйынтыкка келдиңер?

— Ооба, 19,2 тонна деген чоң көлөм. Мындай өлчөмдөгү алтындын каякта экени белгисиз болуп жатканы боюнча маалымат көпчүлүктү бушайман кылды. Андыктан жагдайды иликтеген комиссия өз ыйгарым укуктарынан пайдаланып, аталган маалыматты ар тараптуу иликтеди. Көп адамдардан маалымат алынып, ийне-жибине чейин тактадык. Анын ичинен Улуттук банкка барып, алтын запасын эсепке алуу жана сактоо процесси менен тааныштык. Таанышуу учурунда ар бир фракциянын жана депутаттык топтун өкүлдөрүнөн турган комиссиянын бардык мүчөсүнө каалаган жашикти тандап, аны ачып көрүү жана алтын куймаларын текшерүү мүмкүнчүлүгү берилди. Ал тургай алтынды кармап сүрөткө түшүп, бардыгын тасмага тарттырдык. Бул архив үчүн маанилүү. Ошондой эле 2023-жылдын 26-январына карата КРнын Улуттук банкынын кампасында 43 миң 944,13 кг алтын запасы сакталып турат. Тагыраагы, 19,2 тонна алтындын жоголгондугун же белгисиз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат жалган. Аталган имиштерди аныктаган бир дагы маалымат же тастыктаган кагаз тапкан жокпуз. Муну комиссиянын ар бир мүчөсү далилдеп бере алат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

452