Ошто сууга түшүп кеткен унаанын жүргүнчүсү изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 77-чакырымындагы Күйүк тилкесинен УАЗ үлгүсүндөгү унаа сууга түшүп кеткен. Жүргүнчү унаадан чыга албай калып калган, ал эми айдоочусу өз алдынча чыгып кетүүгө үлгүргөн.
17 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 50 адам, ИИМден 6 кызматкер издеп жатышат. Кошумча маалымат берилет.