7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Арстандын балдарын Караколдогу зоопарктын дарбазасына байлап кетишкен (ВИДЕО)

562

30-март күнү болжол менен саат 05:30дар чамасында Каракол шаарындагы «Бугу-Эне» коомдук фондунун (зоопаркына) алдына арстандын эки баласын таштап кетишкен. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирет.

Министрликтин Ысык-Көл-Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери «Бугу-Эне» коомдук фондунун кызматкерлери менен биргеликте жеринен акт түзүшкөн.

«Арстандын балдарына ветеринардык кароо жүргүзүлүп, абалдары жакшы эмес экени, тактап айтканда, — бирөөсүнүн арткы буттары иштебей жатканы аныкталды. Аталган жаныбарларга толук кандуу реабилитациялык иштери жүргүзүү үчүн тиешелүү жакка өткөрүлүп берилет», — деп айтылат маалыматта.

Арстандын балдарын ким таштап кеткендигин аныктоо боюнча укук коргоо органдарына башкармалык тарабынан кат жолдонду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

563