7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Артур Медетбеков: Фашисттер да мындай кылган эмес, «Женева» сотуна кайрылалы

11768

Тажиктер Головной, Көк-Таш менен элек чектелбей Лейлек районундагы үйлөрдү застава, мектеп жана бир топ мекемелерди өрттөп, талкалашты. Анысы аз келгенсип жаш балдарды атканы эл аралык деңгээлдеги кылмыш десек да болот. Фашисттер да мындай нерсени жасаган эмес.

Мындай пикирин  Генерал-майор, коопсуздук боюнча эксперт, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков 7tv.kg сайтына билдирди.

Ал ошону менен бирге, бийлик, эл мындан кийин кандай аракет кылышы керектиги боюнча өз сунушун айтты.

  1.  Биздин бийлик Баткенге оперативдүү штаб түзүп, ошолор бүт баарын жетектеш керек. Ага УКМК, ИИМ, ӨКМ, Чек ара, саламаттыкты сактоо жана башка баардык тийиштүү кызматтар баш ийип, ар бирине жагдай боюнча тапшырма берилип, штабдан такмаалымат айтылып туруш керек. Үй жайынан айрылып, талаада калган жарандарга үй-жай берип, тамак ашын камсыздоо да штабдын жоопкерчилигинде болот.
  2. Тажиктердин жараныбы, аскериби айтоор адамдарды, жаш балдарды атканын бүт дүйнө жүзүнө маалымдап, эл аралык «Женева» сотуна кайрылуу керек.
  3.  Атайын биргелешкен комиссия түзүп, өрттөнгөн үйлөрдү, чек ара заставаларын, мектеп, дүкөн, банктардын чыгымдарын эсептеп, Тажикстанга доомат коюш керек.
  4. Өлкөнүнтүштүкаймагынын коопсуздугун күчтөндүрүү зарыл, бүгүңкү күндүн негизги талабы.
  5.  Ата-Мекендик ММКлар бирдиктүү болуп, соцтармактарда так маалыматтарды берип турушу керек. Эл аралык маалымат айдыңында биз артта калып, уттуруп койбошубуз керек.
  6. Кыргызстанда бүгүн бийлик кандай болбосун, ким күнөөлүү, ким эмне кылды деп териштирип олтурбай, биримдикте болушубуз керек! Мекенди, Кыргызстанды коргоо үчүн баарыбыз бир бүтүн, ынтымактуу болсок, ушуга окшогон талаш-тартыш, согуштардан жеңип чыгып кетүүгө шарт түзүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

11769