Карапайым тажик элинде күнөө жок. Орозо айынын урматына сабырдуу бололу. Эң эффективдүү чара -бул экономикалык санкция.
Мындай пикирин журналист, Жогорку Кеңештин мурдагы маалымат катчысы Ибрагим Нуракунов сунуштайт.
«Дүйнөдөгү абдан кубаттуу Кытай деле коңшуларына ачуусу келсе, ок аткылабайт. Эң эффективдүү чара бул — экономикалык санкциялар. Тажикстандан келүүчү товарларга, жашылча-жемиш, жумушчу күчтөргө бойкот кылалы. Соода-сатыкты токтото туралы. Антпесек, фашизмди өзүбүз колдогон болуп калабыз. Карапайым тажик элинде күнөө жок. Аларга деле согуш керек эмес. Жек көрүү, өч алуу сезимдерин басып, Орозо айынын урматына сабырдуу бололу. Ички саясий келишпестиктерди токтото туралы, пикет-митингдин учуру эмес. Баткенге колдон келген жардамыбызды берели. Кандай дейсиздер«, -деп жазат Нуракунов?