7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Артём Новиков Россия Федерациясынын Өкмөт Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушту

524

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун үстүбүздөгү жылдын 26-февралында Россия Федерациясына жасаган алгачкы чет элдик иш сапарынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артём Новиковдун Россия Федерациясынын Өкмөт Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда эки жактуу кызматташуунун бардык маселелери, анын ичинде эки мамлекеттин башчыларынын деңгээлинде жетишилген макулдашууларды иш жүзүнө ашыруу талкууланды.

Тараптар Россиянын «COVIDсиз саякат» программасына Кыргыз Республикасынын катышуусу маселесин кеңири талкуулашты. Бул программага катышуу үчүн кыргыз медициналык лабораторияларынын Россия керектөөчүлөр көзөмөлүнүн талаптарына шайкештигин баалоо боюнча макулдашууга жетишилди. Бул чечим кыргыз жарандарынын Россия Федерациясынын аймагына кирүүсү үчүн негиздеме алуу зарылчылыгын жокко чыгарууга мүмкүндүк берери күтүлүүдө.

Тараптар билим берүү жаатында кызматташууну тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти, атап айтканда, кыргызстандык студенттердин Россиянын ЖОЖдорунда билим алуусуна акысыз квоталарды көбөйтүү жана «Россиялык мугалим чет өлкөдө» программасы боюнча Россия Федерациясынын мектеп мугалимдеринин санын көбөйтүү жөнүндө макулдашылды.

525