7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Артём Новиков туугандарынын камкордугунда тарбияланып жаткан үй-бүлөнүн абалынан кабар алды.

233

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков туугандарынын камкордугуна алынган 7 жашар Алина жана Тимур тарбияланып жаткан үй-бүлөнүн абалынан кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматты билдирди.
Ал балдарды Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, белектерин тапшырды. Маалым болгондой, бир туугандар туулгандан кийин эле энесиз калып, жарым жыл өткөн соң жол кырсыгынан атасы каза болгон. Учурда балдарды таенеси Кымбат Сарбашева тарбиялоодо.

«Тимур жана Алина кичинесинен ата-энесиз калганы өкүнүчтүү. Ошол эле учурда сиздин күч-аракетиңизге жараша балдар теңтуштары менен катар билим алып, тарбияланууда. Сизге мээрим төгүп, татыктуу тарбия берип жатканыңыз үчүн ыраазычылык билдирем. Белгилей кетсем, мамлекет тарабынан ата-эненин камкордугусуз калган балдарга, ошондой эле алардын ордун баскан жактарга карай тийиштүү көңүл буруу аракети көрүлүүдө»-деп Новиков балдардын таенесине ыраазычылыгын билдирди.  

Өз кезегинде балдарга камкордук көрүп жаткан Кымбат Сарбашева Өкмөт башчыга жооп кылып:

«Бизди жаңы жыл майрамынын алдында келип куттуктап жатканыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Көйгөйлөрүбүз көп болгону менен кол сунган адамдар да бар, алар бизге жардам колун сунуп келет. Албетте, биз өзүбүз да кыйынчылыктарды жеңип өтүүгө аракетибизди көрүп жатабыз. Быйыл балдар мектепке барды, алардын келечеги жарык болушун тилеп отурам. Ал эми өзүм алар ар тараптан калыптанган, өлкөнүн татыктуу жарандары болуп өсүшүнө колумдан келген аракетимди жумшай берем», — деди балдардын таенеси.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

234