Кыргызстандын Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Артём Новиковго чек арадагы чыңалууну жөнгө салууга кошкон салымы үчүн жана күч түзүмдөрүн жетиштүү түрдө координациялагандыгы үчүн кезексиз аскердик наам ыйгарылды. Улук лейтенант наамын Артём Новиковго Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев өзү тапшырып, Новиковдун мекен үчүн кылган кызматына ыраазычылыгын билдирди.
Артём Новиков бул жагымдуу жаңылыгын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирип, “Мекениме кызмат кылам!…”, — деп билдирүү калтырган.