Ысык-Көл облусунун Кара-Кол шаарындагы эс алуу жайларынын биринде бараткан аялды тоноп кеткен ууру кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.
Милициянын маалыматына ылайык окуя Кара-Кол шаарындагы Пушкин паркында болгон. Кечке маал эс алуу жайдан өтүп бара жаткан жабырлануучуга бей тааныш эркек кол салып, уюлдук телефонун, 9 миң сом акчасын жана паспортун күч менен тартып алган.
Кара-Көл РИИБи кылмышка шектүү катары 33 жаштагы Түп районунун тургуну Ж.К.ны кармап, ишти сотко өткөргөн. Өткөн жуманын соңунда шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка алынды.