7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аруулуктун, тазалыктын, жаңылануунун майрамы болгон Нооруз (фоторепортаж)

799

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, Бишкек шаарынын борбордук “Ала-Тоо” аянтында өткөн Нооруз майрамына катышты.

Иш-чара жаратылыштын ойгонушу, жаздын келиши жана жаңы жашоонун башталышы тууралуу театралдаштырылган пролог менен башталды.

Андан кийин Мамлекет башчысы куттуктоо сөз сүйлөп, Нооруз эзелтен бери достуктун, биримдиктин майрамы катары белгиленип келгенин атты.

Ал Кыргызстандын акыркы эки жылда тилектештиктин жана бирдиктүү аракеттин аркасы менен жетишкен соңку социалдык-экономикалык жетишкендиктерине токтолду.

Садыр Жапаров улустун улуу күнүндө жалпы кыргызстандыктарга жакшы каалоо-тилектерин айтты.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров биринчи айым Айгүл Жапарова менен бирге баш калаанын борбордук аянтына орнотулган чакан боз үй шаарчасын кыдырып, республиканын жети дубанынан келген ата мекендик кол өнөрчүлөрдүн эмгектери менен таанышып, майрамдык сүмөлөктөн ооз тийди.

Иш-чара концерттик программа менен уланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

800