7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Асанбеков менен Мамытканов Евразия Экономикалык Комиссиясында министр болуп бекиди

729

Темирбек Асанбеков менен Максат Мамытканов Кыргызстандын атынан Евразия Экономикалык Комиссиясында министр болуп дайындалды. Бул тууралуу ЕЭКтин сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, эки министрге байланыштуу чечимди Жогорку экономикалык кеңеш 30-июнда кабыл алган.

Темирбек Асанбековдун компетенциясына Евразия Экономикалык Бирлигиндеги транспорт, инфраструктура жана энергетика маселелери кирет. Бул орунда мурда Кыргызстандын атынан Эмил Кайкиев иштечү.

Максат Мамытканов уюмдагы бажы маселелерин тейлейт. Анын ордунда Кыргызстандын мурдагы экономика министри Олег Панкратов эмгектенип келген.

Асанбеков ишкер, “Мекен Ынтымагы” партиясынын лидери. Ал эми Мамытканов экс-вице-премьер-министр, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчисинин орун басары болгон.

Белгилей кетсек, Евразия Экономикалык Комиссиясына Орусия, Казакстан, Армения, Беларус жана Кыргызстан кирет. ЕЭК Евразия Экономикалык Бирлигиндеги эң жогорку орган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

730