Бүгүн, Президент Садыр Жапаров Канаданын Генерал-Губернатору Ричард Вагнерди Канада күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, президент Канаданын Генерал-Губернатору Ричард Вагнерди жана Канада элин Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүнүн атынан Канада күнү менен куттуктады.
«Кыргыз Республикасы менен Канаданын ортосундагы достук мамилелер өз ара пайдалуу кызматташтыктын негизинде мындан ары дагы бекемделет деп ишенем», — деп белгиленет куттуктоодо.
Белгилей кетсек, Жапаров Ричард Вагнерге чың ден-соолук жана ийгиликтерди, ал эми Канада элине тынчтык, бакубат жашоо жана өнүгүүнү каалады.