Чүйдүн Пригородное айылынын 34 жаштагы жашоочусу 73төгү энесин өлтүрдү деп шектелип жатат. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 30-июнда Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө киши өлтүрүү фактысы боюнча билдирүү түшкөн.
«Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу уктоочу бөлмөдө аял кишинин кыйнап өлтүрүлгөн сөөгүн табышкан. Каза тапкан 73 жаштагы М.А. аттуу аял экени белгилүү болгон», — деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүү») менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Натыйжада аялды өлтүрүүгө шектелип анын 34 жаштагы уулу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Мындан тышкары, тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери батирден диний багыттагы беш китеп менен кол жазмасы бар калемди табышкан. Буларга дагы экспертизалар дайындалган.
Окуя териштирилип, сотко чейинки иш уланууда.