Ошто 55 жаштагы киши 31 жаштагы жигиттин соккусунан каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 01:00 чамасында Ош шаардык тез жардам кызматынан Ош ШИИБге маалымат келип түшкөн. Анда Ош шаарынын Жапалак айылынын 1966-жылы туулган тургуну С.У. алган жаратынан улам окуя болгон жеринен каза болгону маалымдалган.
Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, соттук-медициналык эксперттердин катышуусунда сырттан кароо жүргүзгөн учурда башынын оң жагында жаракаты бар экендиги аныкталган. Аталган окуя Жазык кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Аталган кылмышка шектелип ошол эле айылдын 1990-жылы туулган тургуну Ф. уулу И. кармалды.
Анын көрсөтмөсү боюнча, 30-июнь күнү саат 23:30да спирт ичимдигин ичип, үйүнөн таанышынын «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаасы менен ДЭУ участкасындагы соода түйүндөрүнүн жанына келгенин айтты. Ошол жерде маркум киши экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралып, аны колу менен уруп жиберген. Аны жаагына урганда жыгылып, турбай калган.
Соода дүкөндөрдүн сатуучулары да күбө катары суралып, алар да урганын тастыкташты. Учурда бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
Учурда шектүү адам Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.