7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өспүрүм кыздарды папиллома вирусуна каршы эмдөө башталды

378

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева бүгүн, 14-ноябрда, Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Бишкек шаарындагы мектептердин биринде өспүрүм кыздарды адамдын папиллома вирусуна (АПВ) каршы эмдөө иштерине старт берди.

Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилген КРнын профилактикалык эмдөө календарына ылайык, 2022-жылдын ноябрь айына карата мектеп окуучуларын эмдөө программасынын алкагында 11 жаштагы кыздарды адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөө иштери башталды.

Эмдөө өлкө мектептеринин медициналык пункттарында бекер жүргүзүлөт. 2022/2023-окуу жылында 11 жаштагы кыздардан тышкары 12-14 жаштагы кыздар да АПВ каршы вакцинасы менен эмделет. Вакцина 6 айлык интервал менен эки жолу жасалат (эгерде биринчи доза ноябрда берилсе, экинчи доза май айында).

Өспүрүм кыздарды пландуу эмдөө келечекте жыл сайын 600дөн ашык оорунун жана жатын моюнчасынын рагына кабылган 300гө жакын өлүмдүн алдын алат. Негизги максаттуу топко Иммунизация маселелери боюнча Улуттук техникалык эксперттик комиссия вакцинаны киргизүүнүн биринчи жылында 12-14 жаштагы кыздарды эмдөөнү сунуштайт.

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева белгилегендей, бул эмдөө кыздардын жатын моюнчасынын рагын алдын алуу үчүн маанилүү профилактикалык иш-чара болуп саналат. Иш-чаранын ийгиликтүү өтүшү үчүн уюшкан ведомстволор аралык координация жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине ар кандай жардам көрсөтүүсү зарыл.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

379