7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сасык тумоо өтүшүп кетсе өлүмгө чейин алып келиши мүмкүн

1120

Грипп вирусу (сасык тумоо) — бул мезгилдүү жугуштуу оору, ал тамакты, мурунду, кээде өпкөлөрдү жабыркатат, натыйжада ысытма, дене оорулары, чыйрыгуу, алсыроо, жана чарчоо пайда болот.

Сасык тумоо — бул дем алуу жолдорунун жугуштуу оорусу, ал жеңил оорудан, оор ооруга айланып, өтүшүп кеткен учурларда өлүмгө алып келиши мүмкүн.

Эң кеңири таралган туура эмес түшүнүк — бул сасык тумоонун белгилери үч күндөн кийин жок болот деген, бирок андай эмес. Оорунун эң оор мезгили биринчи үч-беш күн. Андан кийин бейтаптын дене температурасы нормалдашып баштайт жана акырындык менен калыбына келет. Албетте, адамдын организми сасык тумоо менен күрөшөт, бирок сакайып кетүү мынчалык тез убакта болуп кетпейт. Организмде иммунитет пайда боло башташы үчүн үч күн талап кылынат, ал эми алты-жети күндөн кийин гана грипп вирусуна каршы күрөшө баштайт.

Оорулуулар арасында кеңири тараган дагы бир жаңылыш түшүнүк: сасык тумоо атайын дарыларды колдонбостон да айыкса болот. Таблеткалар вирустук ооруну дарылоодо болушу керек. Вируска каршы дарыларды колдонуңуз. Дары дармектер көп алардын сапатына, баасына карап тандап алсаңыз болот. Эгерде алар жардам бербесе, даарыгерге кайрылыңыздар. Ички органдардын иштешинин бузулушу, өз убакытында даарыланбагандан келип чыгат.
Сасык тумоонун негизги коркунучу оорунун өтүшүп кетүүсү болуп саналат. Бул дарылоонун жоктугунан же бейтаптардын өзүн-өзү дарылоо процессинде пайда болот. Көбүнчө, алар адамдын жүрөгүнүн, бөйрөктүн, өпкөнүн же муундардын иштешине таасир этет.Грипп вирусунун адам организмине киришинин эң биринчи белгиси жана анын активдүү таасири алсыздык болуп саналат.

Башка көрүнүктүү көрсөткүчтөргө төмөндөгүлөр кирет:

• жогорку температура (39-40°Сге чейин);

• чыйрыгуу;

• кургак жөтөл;

• баш оору;

• көп лакримация жана мурундун бүтүшү;

• муундардын оорушу.

Бал менен коньяк. 1 стакан ысык чайга 1 чоң кашык бал жана ушунча эле өлчөмдөгү коньяк кошуп жакшылап аралаштырасыз. Бул аралашманы кичинеден ууртап ичесиз.
Бал кошулган сүт. 1 стакан ысык сүткө 2 чоң кашык балды кошуп аралаштырып, бир күндүн ичинде 2-3 жолу ичесиз.
Бал менен сарымсак. Сарымсакты кыргычтын майда тишинен өткөрүп, теңме-тең кылып бал кошосуз. Күнүнө 1 чоң кашыктан 1-2 жолу жеп, артынан суу ичип аласыз.

Сүт менен сарымсак. Бир нече тишче сарымсакты майдалап, 1 стакан сүткө кошосуз да, кайнатасыз. Муздаган аралашманы бир күндө бир нече жолу 1 чай кашыктан ичип турасыз.

Кара карагат. Сасык тумоону айыктыруудагы натыйжалуу элдик каражат — кара карагат. Кышында карагаттын кургатылган жалбырактарынын маңызын пайдаланууга болот. 4 стакан сууга бир кочуш майдаланган жалбыракты салып 5 мүнөт катуу кайнатып, андан кийин жай отко 1-2 саат кайнатасыз. Бир аз шекер кошуп жатаарда 1 стакандан ичип турасыз.

Сасык тумоодон арылууга жардам берүүчү элдик каражаттар:
Адам орточо эсеп менен бир жылда үч жолу сасык тумоого чалдыгат. Көбүнчө күз, кыш мезгилинде оору күчөйт. Бул оорудан айыгууга медицинадан сырткары элдик каражаттар да натыйжалуу жардам берет. Кайсы элдик каражаттар экенин билип алыңыз.
Алоэ. Алоэнин ширеси, бал жана винодон жасалган аралашма организмдин инфекциялык ооруларга болгон каршылыгын күчөтөт. Бул үчөөнү бирдей өлчөмдө кошуп, аралаштырып туруп 5-6 күн коюп коёсуз. Тамак алдында 1 чай кашыктан ичип турасыз.
Горчица порошогу. Горчицанын кургак порошогун байпагыңыздын ичине себелеп, кийип аласыз да, 2-3 күн чечпейсиз.
Лимон. Бир лимондун ширесин сыгып аласыз. Аны 800 мл кайнаган сууга кошуп, ушул эле сууга 100 грамм бал бошуп аралаштырасыз. Бул аралашманы бир күндүн ичинде ичип түгөтүшүңүз керек.
Пияз кошулган сүт. Бир стакан сүттү кайнатасыз. Бир баш орточо көлөмдөгү пиязды кыргычтын майда тишинен өткөрөсүз да, аны кайнап жаткан сүткө кошуп аралаштырасыз. 10 мүнөт тыныктырып, жылуу калыбында ичесиз.
Ошондой эле, сасык тумоонун биринчи белгилери байкала баштаганда бир баш пиязды кыргычтан өткөрүп, анын жытын 10-15 мүнөт жыттаңыз.
Малина. 1 стакан ысык чайга 1 чоң кашык жаңы малинаны же анын кыямын, 1 чоң кашык 70 градустук спирт кошуп аралаштырасыз. Бул аралашманы кичине-кичинеден ууртап ичесиз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1121