7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Асель Чынбаева зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүктүн алкагында Ошто иш-чарага катышты 

389

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүктүн алкагында Ош шаарында өткөрүлгөн иш-чарага катышты.

Президенттин администрациясынан билдиришкендей, балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн катчылыгы КР Ички иштер министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте аталган кампаниянын алкагында иш-чараларды өткөрүүдө.

КР Билим берүү жана илим министрлиги, Билим берүү уюмдарынын Ассоциациясы менен биргеликте Ош шаарында өткөрүлгөн бул иш-чара Ош облусунда жана Ош шаарында жайгашкан мектептердеги 30дан ашуун директорлорго жана директорлордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары үчүн болду.

Иш-чаранын катышуучуларына балдарды зордук-зомбулуктан коргоо боюнча кырдаалдык талдоо сунушталып, анда ата-энелердин жана мугалимдердин колдоосуна муктаж болгон балдарды эрте аныктоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду, ошондой эле, зомбулуктун алдын алуу боюнча башка мамлекеттердин тажырыйбасы эске алынды.

Асель Чынбаева туура жана туура эмес мамилелер, эмоционалдык интеллектти жакшыртуу, коопсуз мектепти куруу жана чыр-чатактардын алдын алуу боюнча жаңы сабактарды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл ата-эенелер менен мугалимдердин жоопкерчилиги өзгөчө экенин белгиледи. Ал ошондой эле, балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча аракеттерди күчөтүү зарылдыгын кошумчалады.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн катышуусунда, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте Ош облусунун жана Ош шаарынын 200 мектеп окуучулары үчүн “Зомбулуксуз жашоо” аталышында акция өткөрүлдү.

Бул иш-чаранын максаты – балдарды боорукердикке үндөө, улууларга сый мамиле жасоо, ошондой эле париоттук сезимди ойготуу. Иш-чаранын соңунда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы балдарга белектерин тапшырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

390