7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду

413

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-декабрда, Майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду.

«Урматтуу мекендештер!

Өлкөбүздө жыл сайын 3-декабрда Эл аралык майыптар күнү белгиленип, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбызга колдоо көрсөтүү жана алардын муктаждыктары менен көйгөйлөрүнө көңүл буруу жаатында бир катар иш-чаралар өткөрүлөт.

Нарк менен жашап, каада-салтты бекем карманган кыргыз элибиз эзелтеден эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга мээрим төгүп, кайрымдуу мамиле жасап келишкен. Мындай адамдык улуу сапатты алып жүргөндөр азыр да арбын.

Мамлекет бүгүнкү күндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген
200 миңге жуук адамдын жашоо-шартын сапаттык жактан өзгөртүү менен алектенип келет. Ошондой эле майыптуулугу бар адамдардын коомго толук кандуу кошулуусу үчүн бир катар артыкчылыктар коштолгон жаңы милдеттерди ишке ашыруу багытында дагы ой-максаттар бар.

Биз ар түрдүү социалдык төлөмдөр түрүндөгү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо саясатынын активдүү чараларына өтүү түшүнүгүн калыптандыруубуз жана өөрчүтүүбүз керек. Коомчулук болсо ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга көмөк көрсөтүү эң алды менен адамдык асыл сапат экенин аң-сезими менен сезип-туя билиши абзел.

Майыптуулугу бар адамдар билим алууга, саламаттыгын сактоого, социалдык жактан камсыз болууга, эс алууга, спортко жана жумушка орношууга муктаж. Маданий жайларга баруусун шарттагандан сырткары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыздын өз жанын өзү багуусуна керектүү шарт түзүп берсек, аларга коомго пайда келтирүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар экенин сездире алабыз. Арабызда кыйынчылыктарга моюн сунбай, өзгөчө өнөрлөргө ээ, турмушта чоң ийгиликтерге жетишкен эрки күчтүү жарандарыбыз да жок эмес. Мындай жарандар мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгенине карабастан, бактылуу турмушка жетише аларын далилдеп келишет.

 

Урматтуу мекендештер!

Баарыңыздарга алдыга койгон максаттарыӊыздардын ишке ашуусун тилейм. Кандай болгон күндө да мамлекет сиздерге таяныч болуп берерине ишеним менен караңыздар. Келечекке болгон умтулууңуздар арта берсин!

Жашоодо эркиңиздер курчуп, кажыбас кайратыңыздардан жазбаңыздар!».

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

414