«Азыр менин жеке жашоомдо өтө коркунучтуу жагдай болуп жатат», — дейт ырчы Асел Кадырбекова өзүнүн Instagram баракчасында.
«Жалпыга салам! Эртерээк эл алдына чыксам экен. Сиздерди сагындым. Чыгууга аябай далалаттанып жатканым менен дарыгерлер толук түрдө өзүңө келүү үчүн убакыт керек деп жатышат. Жок дегенде жарым жыл. Бирок бул тууралуу кийинчерээк айтам. Мен сиздердин курчооңүздарга өзүмдү эртерээк алып чыгууга аракет кылам жана буга аябай ишенем! А азыр жеке жашоомдо өтө коркунучтуу жагдайлар болуп жатат. Бирок муну да кийин. Эң негизгиси башым аман жана кызым үчүн акырындан өзүмө келе баштадым. Менде оптимисттик ойлор бар. Ишенем, бул менен эле жашоо бүтүп калбайт. Болгону жашоо учурдагы оор кырдаалда алардын колдоосуна муктаж болуп турганымда мени керексиз адамдардан тазалап жатат. Жок дегенде ушунусуна да рахмат», — деп жазган.
