7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ашар гүлбакчасына 190 түп көчөт отургузулду

681

Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган алты айлыктын алкагында Ленин районунда жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Ашар” гүлбакчасына калаанын вице-мэри Бактыбек Абдиев, Ленин районунун акими Русланбек Тагаев, Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) жетекчилиги, “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын, Экономика жана инвестиция департаментинин, Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери жана «Ак-Өргө» конушунун тургундары 190 түп көчөт отургузду.

Белгилей кетсек, бардык отургузуу материалдары Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинен (JICA) жана JICA бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясынан сатылып алынган.

Жалпысынан жашыл акциянын алкагында 66 липа, 77 карагай, 35 каталпа жана 6500 тосмо отургузушту.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

682