7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ашхабадда медиктерди коронавируска каршы эмдөө иштери башталды

269

Ашхабад шаарында медицина кызматкерлерин коронавируска каршы Орусиянын «Спутник V» вакцинасы менен эмдөө иштери башталды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 3-февралда баш калаадагы медиктерге вакцинанын биринчи дозасы сайылды. Экинчи дозасын үч жумадан кийин алышат.

Буга чейин Түркмөнстан «Спутник V» менен калкты жапырт эмдөөнү 15-февралда баштайт деп күтүлүп жатканы кабарланган. Ага даярдык көрүүнүн алкагында милдеттүү түрдө эмделиши керек болгон жарандардын тизмеси түзүлүп, алардын негизги бөлүгүн улгайгандар, медиктер жана өнөкөт оорулары бар жарандар түзгөн.

18-январда Түркмөнстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен алгачкылардан болуп Орусиянын коронавируска каршы «Sputnik V» вакцинасын каттоодон өткөргөн. Он күндөн кийин дүйнөдө биринчи болуп «ЭпиВакКорона» деп аталган дагы бир орус вакцинасын каттаган.

Түркмөнстан аймагында коронавирус жуктурган бир да бейтап расмий каттала элек дүйнөдөгү онго жакын өлкөнүн бири. Ошол эле маалда расмий Ашхабад илдеттин жайылуусунун алдын алуу үчүн бардык чараларды көрүп жатканын билдирип келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

270