Бүгүн, Ашхабад шаарында КРнын Президенти Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун расмий жолугушуу аземи болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровду коштогон кортеж Ашхабад шаарынын Эгемендүүлүк аянтына келип, аны Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов тосуп алды.
Ардактуу кароолдун командиринин рапортунан кийин Кыргызстан менен Түркмөнстандын мамлекеттик гимндери жаңырды.
Эки өлкөнүн лидерлери Ардактуу кароол ротасын бойлой басып, өз өлкөлөрүнүн расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты. Аскер оркестринин маршы менен Ардактуу кароол ротасы мамлекет башчыларынын алдынан салтанаттуу өтүштү.
Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаров автоунаа менен атчандар эскортунун коштоосунда «Огузхан» Сарайына багыт алды. Бул жерде мамлекет башчылары сүрөткө түшкөндөн кийин, тет-а-тет форматында сүйлөшүүгө киришти.