Москвада полиция кызматкери беткап тагынбаган аялга күч колдонуп, сүйрөп кеткен видео тасма тарады.
Маалыматка ылайык, видеодон полиция кызматкерлери аялды күч менен имараттан чыгарып, аны жерге сүйрөп алып, колуна кишен такканы жана ал өзүн жоготуп койгонун көрүүгө болот.
ИИМ ал жаран санитардык-эпидемиологиялык эрежени одоно бузуп, аны кармоо маалында полицияга агрессивдүү мамиле кылганын билдирди. Полицияны соода борбордун кызматкерлери чакырып, аял коюлган талапты аткарбай, тоготпой жатканына даттанышкан.
Кармалган аялдын уулу жергиликтүү басылмаларга полиция анын апасын “каршылык көрсөттү” деген негиз менен 15 суткага камоо боюнча административдик иш козгоп, бирок интернеттеги коомдук резонанстан соң коё бергенин маалымдады.
Белгилей кетсек, аялдын жакындары күнөөсүз адамга карата күч колдонгону үчүн полицияга кылмыш ишин ачуу үчүн арыз даярдап жатканы айтылды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram