7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ашууда жоголгон айдоочуну тик учактын жардамы менен табышты

665

Нарындын Калмак-Ашуусунан изделип жаткан белоруссиялык жаран куткаруучулар тарабынан аман эсен табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалым болгондой, 19-сентябрь күнү Нарын облусунун Кочкор районунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 275-чакырымында (Калмак-Ашуу ашуусу) “МАН” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа ашуудан чыга албай, жолду тосуп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Ошол күнү саат 23:15те ыкчам түрдө жерине ӨКМден 3 куткаруучу тартылган. Бирок куткаруучулар жеткен учурда токтоп турган унаанын айдоочусу жок болуп чыккан.

Унаанын ээсин издөө иши тынымсыз уланып, аны издөөдө аймакта пландын негизинде башка иш боюнча учуп жүргөн ӨКМдин тик учагы бийиктиктен издөөгө жардамга келген.

Натыйжада 20-сентябрь күнү, саат 11:00 чамысында Соң-Көл жайлоосунан табылган. Жарандын абалы канааттандырарлык. Учурда куткаруучулар ашууда калган жүк ташуучу унаанын бузулган тетигин оңдоого жардам берүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

666