7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ашууларда абал кандай?

437

Бүгүн, 12-ноябрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, каттам бар.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатышат.

Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда, Бишкек – Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунда, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун Долон, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары жана Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу менен башка жолдордо каттам бар.

Ал эми Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун Талдык, Тоң-Мурун ашууларында жол ачык. Жайкы дөңгөлөк жана чынжыры жок чыккан оор жүк ташуучу унаалар атайын техникалардын иштешине тоскоолдук жаратуу менен жасалма тыгын пайда кылууда.

Мындан улам Транспорт министрлиги кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

438