7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ӨКМдин тик учагы бир тонна жүктү бийик тоолуу аймакка ийгиликтүү жеткирди

249

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги абада жогорку деңгээлдеги операцияны ийгиликтүү ишке ашырды.

Ми-8 МТВ-1 тик учагыбыз тышкы илинмеси менен 3750 метр бийиктиктеги Арстанбаптын жетүүгө кыйын болгон бийик тоолуу аймагына РПО РМТР үчүн салмагы 1 тонна болгон өндүрүштүк жабдууларды жеткирди. Жогорку кесипкөйлүк менен ишке ашырылган бул операция авиациябыздын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү.

Салмагы 4 тоннага чейинки жүктөрдү 5 миң метр бийиктикке жана өлкөнүн ар бир бурчуна жеткирүүгө мүмкүндүк жаралдууда. Бул татаал тапшырманы тажрыйбалуу экипаж командирлери С.Садыков, А.Ашимов, бортмеханик С.Абдралиев жеринде техникалык колдоону авиациялык кызматынан инженер Эсенгул уулу Досумбек камсыздады.

Өлкөбүздүн бардык аймактарында, анын ичинде бийик тоолуу жерлерде аткарылган мындай жеткирүүлөр мамлекетибиздин мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейтилгенин билдирет.

250